Кыргызстанда аскердик өндүрүш ишканалары ачылабы? (видео)

911

Кыргызстан Россияга өзүнүн аймагында аскердик өндүрүш ишканаларын ачууну сунуштады. Бул маселе Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Россиядан келген адистердин жолугушуусунда талкууланган негизги маселе болду. Учурда долбоордун кандайча ишке ашаары талкууланып жатыптыр.

Эксперттердин пикиринде, эгерде Бишкек менен Москва бул жаатта кызматташуу ишке ашса, бул Кыргызстандын коопсуздугун гана бекемдебестен, өлкө үчүн экономикалык дагы пайда алып келет.