Кыргызстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталды (видео)

1221

Өлкө боюнча аскерге чакырылган уландарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү башталды. Быйыл жигиттерди армияга алуу шарттары татаалдашып, дене тарбиялык жактан даярдыгына өзгөчө маани берилүүдө. Жаңы эрежеге ылайык аскерде кызмат өтөгүсү келген улан шамдагай жана чыдамкай болуусу шарт. Аскерге чакыруу өнөктүгү 1-мартта башталган. Жалпысынан кызматка үч миңге жакын жигит тартылат. Коргоо комитетинин кызматкерлери билдиргендей, быйыл аскерге барууну каалгандардын саны көп. Бир орунга 5 баладан туура келүүдө.