Кыргызстанда автогаздын баасы күндөн-күнгө жогорулап жатат (видео)

1536

Айдоочулар 5 күн мурда эле унаага куюлган өндүрүмдү 18 сомдон сатып алып келишсе, бүгүнкү күндө анын наркы 23 сомго жакындаган.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү суюлтулган газ маселеси жакынкы күндөрү чечилет деп билдиришүүдө. Бирок мунай сатуучулардын газ сактаган атайын жайлары жок болгондуктан, ашыгы менен камдап ала алышпайт экен.