Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттайбы? (видео)

764

Эми өкмөт базардагы баа саясатына кийлигишүүсү мүмкүн. Экономика министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, министрлер кабинети импорттолгон жана ички өндүрүштөн чыккан товарлардын бааларына көз салат. Бул чара коңшу Казакстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөгү баалар бирдей болушу керек деген талабынын негизинде көрүлүп жатыптыр.

Бизнес коомчулугу болсо бул кабарды тынсыздануу менен кабыл алууда. Ишкерлердин пикиринде, мындай аракет өндүрүш жаатына гана эмес, базардагы азык-түлүктүн наркына дагы кедергисин тийгизиши мүмкүн.