Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы дагы көтөрүлөт (видео)

3115

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин кризиске каршы планын жабык эшик артында карады. Бир топ эл өкүлдөрү Россия-Украина мамилесинин курчушунан улам экономика жана валюта рыногундагы олку-солку кырдаалды талкуулоо үчүн аткаминерлерди парламентке чакырышкан болчу. Министрлер кабинети кризиске каршы чаралар, баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришкен.

Ал ортодо, Сатуучулар ассоциациясы жакын арада бир катар азык-түлүктүн баасы 5-10 пайызга чейин көтөрүлө турганын эскертип чыкты. Алардын айтымында, буга доллардын курсу таасирин тийгизүүдө. Өлкө базарларында болсо, акыркы 2 күндө эле кумшекер, өсүмдүк майы, ун жана эттин наркы кескин көтөрүлүп кетти. Соодагерлер товарлар сырттан жогорулатылган баада келип жатканы менен түшүндүрүшүүдө.