Кыргызстанда бала багып алуунун шарттары жеңилдетилет (видео)

1727

Асырап алууну каалаган ата-энелерге документтерди талап кылуу тартиби өзгөрүп, чечим кабыл алуу мөөнөтү да эки эсеге кыскарат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, эми бала асырап алууну каалаган ата-энелердин үй-бүлөлүк абалы, материалдык, социалдык шарты тууралуу маалыматты тиешелүү мекеме Түндүк системасы аркылуу алышат. Бул өз кезегинде балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын толук кандуу үй-бүлө мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн эртелетет, дешет адистер. Ал арада, 250 наристе келечектеги атасы менен апасын күтүшүүдө.