Кыргызстанда балдар үйлөрү жоюлабы? (видео)

837

Кыргызстанда балдар үйлөрү жоюлушу керек керек! Дал ушундай демилге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлүп жатат. Эл өкүлдөрү ата-энесиз калгандар балдар үйүндө эмес, фостердик үй-бүлөдө тарбияланышы керек дешет. Учурда өлкө боюнча 8 фостердик үй-бүлө бар. Ар бир асыранды бала үчүн мамлекет ай сайын 6 миң сомдон төлөйт. Азырынча балдар үйлөрү жоюлуп, мамлекет толугу менен фостердик үй-бүлө системасына өтсө, мамлекет аларга канча каражат бөлүп бериши керек — белгисиз. Учурда жалпысынан жүздөн ашуун балдар үйүндө миңдеген жеткинчектер жана өспүрүмдөр тарбияланууда.