Кыргызстанда балдарды коргоо департаментин түзүү сунушталды (видео)

788

Буга акыркы убакта бөбөктөрдүн жакындары тарабынан зомбулукка кабылып жаткан учурлар көбөйгөндүгү себеп болууда. Адистердин айтымында, бүгүнкү күнү чет өлкөдө иштеген ата-энелердин таштап кеткен балдарына кам көрүү, алардын абалына көз салуу системасы жакшы иштебейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр жашы жете электерге карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган. Бирок жаңы орган түзүү менен эле балдардын көйгөйү чечилип калат деп айтуу кыйын.