Кыргызстанда Бажы мыйзамдарын бузуу фактылары көбөйдү

787

Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. Маалыматтарга караганда, быйыл жыл башынан бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери 341 Бажылык мыйзам бузуу фактысын аныктаган.

Бул көрсөткүчтүн 256 тартип бузуунун Бирдиктүү реестрине катталып, өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 18 фактыга көп экени аныкталган. Ал эми Кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине 86 факт киргизилип, ал былтыркыга караганда 14 фактыга көбөйгөн.

Жылдын биринчи кварталындагы мыйзам жана эреже бузуу фактыларынан жалпысынан 53 миллион өндүрүлдү. Буга бюджет тарткан зыяндын ордун толтуруу жана айып пул кирет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.