Кыргызстанда бензин кымбаттоодо (видео)

2084

Доллар, анын арты менен азык-түлүк кымбаттап, эми кезек бензинге жетти. Акыркы 10 күн ичинде күйүүчү май 3 сомго чейин жогорулады. Жыл аягына чейин баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Адистердин айтымында, мындай жагдайга доллардын көтөрүлүшү, россиялык өндүрүшчүлөрдүн мунайдын дүң наркын кымбаттатышы себеп болууда. Суюлтулган газдын учурдагы баасы болсо 25 сомго чыкты.