Кыргызстанда бир күндө эле жол кырсыгынан 9 киши курман болду

1234

Кечээ түшкө маал Бишкек-Торугарт жолунда Кубакы ашуусунда айдоочу “Тойота Карина” үлгүсүндөгү машинаны башкара албай, унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен. Андан 4 адам мерт кетти. Алардын бири 2017-жылы туулган ымыркай.

Ушул эле күнү Алай районунда катуу ылдамдыкта келаткан «Лексус» унаасы аласалып, жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен машинадагы үч киши каза тапты. Алар бир тууган Мариповдор болуп чыкты. Алардын бири Тяншанбек Марипов Ош шаардык Каттоо башкармалыгын жетектеп келген.

Мындан тышкары, кечээ күнү Чүй областынын Аламүдүн районунда «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги даракты сүзгөн. Алган жараатынан рулду башкарып бараткан 49 жаштагы айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу набыт болушту.