Кыргызстанда бир жумуш ордуна 20га чукул адис туура келет (видео)

790

Себеби өлкөнүн эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экенине байкоо жүргүзүлбөйт. Мындан улам жаштар өздөрүнө татыктуу жумуш издеп, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз.

Адистердин пикиринде, бул маселени жөнгө салуу үчүн кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлары, Билим беруу министрлиги жана жумуш берүүчүлөр биргелешип, кандай адистер жетишсиз болсо, жаштарды ошол кесиптерге окутууну колго алуулары керек.