Кыргызстанда Бишкектин аталышын Манас деп өзгөртүү сунушталууда

667

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев Бишкектин аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Каптагаевдин пикиринде борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Өз билдирүүсүндө ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатканын белгилеген.

Саясатчынын бул билдирүүсүнүн алдына пикир калтырган колдонуучулардын айрымдары анын бул сунушун колдосо, башкалары таптакыр каршы болушкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.