Кыргызстанда бүгүн Кадыр түн тосулат

2102

Рамазан айынын этегиндеги Кадыр түн быйыл 11-июндан 12-июнга караган түнгө туш келди. Ал эми Айт майрамы 15-июнда болот. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Кадыр түн — орозо айынын 27-түнүндө болот. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммед пайгамбарга Курандын алгачкы «Фатиха» сүрөөсүн Рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Аны мечитте же үйлөрүндө тосушат.