Кыргызстанда былтыр 5500 кишиде рак илдети аныкталган (видео)

667

Кыргызстанда онкологиялык ооруларга кабылгандардын саны көбөйүүдө жана учурда бул оору менен катталгандардын саны 25 миңден ашты. Кыргызстанда рак илдетине каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө. Ага карата Бишкекте атайын жыйын өтүп, ага саламаттыкты сактоо министри жана рак илдети менен күрөшүү жаатындагы уюмдардын адистери катышты.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр эле Кыргызстанда 5500 кишиде онкологиялык дарт аныкталып, алардын 60 пайызы көз жумган. Өлкөдө бул илдетти дарылоодо бир топ көйгөйлөр бар экени белгилүү. Өзгөчө радиациялык нур менен дарылоочу заманбап жабдыктардын жоктугу жана препараттардын тартыштыгы кыйынчылык жаратып келет.