Кыргызстанда былтыр рекорддук сандагы паспорт берилди

771

2017-жылы ID биометрикалык жана чет өлкөгө чыкканда колдонулуучу паспорттордун бардык жалпы түрүн кошкондо, жарандарга 942 миң өздүк документ берилген.

Адистердин айтымында, мындай көрсөткүч өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга былтыр паспорттор жети ай акысыз берилгени себеп болгону айтылууда. Ошондой эле, былтыр жарандардын ар бирине жеке берилүүчү 500 ПИН-номур ыйгарылган.

Эске салсак, 2017-жылдан тарта Кыргызстан биометрикалык паспортко өткөн. Кечээ жакында болсо, Мамлекеттик каттоо кызматы саатына 300 паспорт басып чыгара ала турган жаңы жабдуу сатып алганын кабарлаган.