Кыргызстанда дагы 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

2057

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алган 16 учурунун тогузу Бишкекте, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаары жана бирөө Баткен облусунда катталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 79га жетти.

«Медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган учурлар өскөнү байкалууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 22 миңден ашык медицина кызматкери бул илдетти жуктуруп алган. Биздин өлкөдө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 79 болуп жатат. Мунун себептери да ар кандай болушу мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аналитикалык маалыматына таянсак, медицина кызматкерлери илдетти, бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүп жатканда же бейтаптар менен байланышта болгондор менен иштеп жатканда жугузуп алышы мүмкүн. Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алган ар бир учурун комиссия аркылуу изилдеп, карап жатабыз. Мен өзүмдүн кесиптештериме күнөө кое албайм. Мекен алдында, эл алдында кызмат кылам деп иштеп жатабыз», — деди ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.