Кыргызстанда дагы 22 медкызматкерден коронавирус аныкталды (видео)

2206

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова коронавирустан көз жумду. Ал жаңы типтеги вирус козгогон пневмониянын оор формасына чалдыгып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Ошондой эле акыркы бир суткада 20 ак халатчан жаңы типтеги вируска кабылганы белгилүү болду.

Ал арада өлкөдө эпидемиологиялык абалдын курчушу менен кайрадан медиктер жетишпей баштады. Тиешелүү министрлик экинчи ирээт медициналык билими бар адистерди кадрлар резервине катталууга чакырууда. Коронавирустун биринчи толкуну болгон жай айларында да дал ушундай курч кырдаал жаралган болчу. Ал арада эл жыкжыйма толгон иш-чаралар, той-топурлар тынбай өтүп жатат.