Кыргызстанда декларация тапшыруу жараяны башталды

1232

Өлкөдө жарандардын киреше жана чыгашаларын аныктоо боюнча декларация толтуруу жараяны башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы кабарлады. Бул өнөктүк эки этапта жүрүп, 1-апрелге чейин уланат.

Алгач, 1-мартка чейин декларацияны жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү жана жер тилкелери бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердүүлүк жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүү.

Киреше-чыгаша документтин маалыматын өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга эки миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.