Кыргызстанда доллар кайрадан 5-6 сомго кымбаттады (видео)

2485

Жакынкы күндөрү улуттук валюта катуу басымга кабылышы ыктымал. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, капиталды акча менен сактоого эмес, алтынга салууга чакырды. Украина менен Россиянын ортосундагы абал чыңалган сайын, бул жагдай Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизип, импорттолгон товарлар кымбаттай баштады.

Улуттук банктын өкүлдөрү брифинг өткөрүп, валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. Бирок эртең менен АКШ валютасы 97 сомго чейин жетип, түштөн кийин 1-2 сомго арзандады.