Кыргызстанда эки тик учакка каражат бөлүнөөрү менен тендер жарыяланат

632

Бул тууралуу Абадан коргоону күчтөрүнөн билдиришти. Алар белгилешкендей, тик учактар капиталдык оңдоого муктаж. Тиешелүү каражат бөлүнөрү менен тендер жарыяланат. Толугу менен оңдолгон тик учактар дагы 10 жылга чейин учат деп пландалууда.

Эске салсак, Абадан коргонуу күчтөрүндөгү эки тик учакты колдонуу мөөнөтү өткөн жылдын апрелинде эле аягына чыккан. Былтыр 9-июлда Ысык-Көлдөгү Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапта Абадан коргоо күчтөрүнүн МИ-8 аскердик тик учагы туристтерди жеткирип барып, шамалдын күүсү менен турган жеринде бир капталына кулап түшкөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.