Кыргызстанда экстремисттик топтор баш көтөрө баштадыбы? (видео)

4239

УКМК Баткенде «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 6 лидерин кармаган. Колго түшкөндөрдүн бешөө — Кызыл-Кыя шаарынын тургундары, бирөө тажикстандык жаран экени белгилүү болду. УКМКдан билдиришкендей, кылмышка шектүүлөр экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүп жүрүшкөн.

Ошондой эле, Кызыл-Кыянын уюмга мүчө болгон 50дөн ашуун тургуну ай сайын жыйынга чогулуп турушкан. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда Хизб ут-Тахрир сыяктуу ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын саны 24кө жетет. Афганистандагы абалды эске алуу менен аларга каршы күрөшүү кандай деңгээлде жүрүп жатат?