Кыргызстанда экстремизмге шектелген 47 жаштагы адам кармалды

690

Кыргызстанда экстремизмге шектелип, 47 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда, террордук топтордун түйүндөрүн жок кылуу максатында атайын операциялар өткөрүлүп, Кыргызстандын аймагында экстремисттик аракеттерди жасап жүргөн деп шектелип, азырынча аты-жөнү аныкталбаган шектүү колго түшүрүлгөн.

Ал адам Шериктештик мамлекеттеринин биринин жараны экени жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталган. Андан тышкары, ал өзүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун жасатып, анда жашын өзгөртүп жана аты-жөнүн кыргызча жаздырып алганы да белгиленүүдө.

Шектүү — эл аралык террористтик уюмдун көрсөтмөсү менен Кыргызстандын аймагында жана Фергана өрөөнүндө согушкерлерди даярдоочу жай ачып, экстремисттик идеяларды жайылтып келгени такталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.