Кыргызстанда эл аралык акыйкатчылардын башы бирикти (видео)

880

Беш мамлекеттин Акыйкатчыларынан турган Евразиялык альянс түзүлдү. Уюмга мүчө катары — Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Молдова жана Армения өлкөлөрү кирип, меморандумга кол коюлду. Бул ондон ашык мамлекеттин укук коргоочуларынын башын бириктирген эл аралык форумдун алкагында ишке ашты. Отурумдун жүрүшүндө абактагы өспүрүмдөрдүн укугун коргоо, сот, жаза аткаруу системасын реформалоо жана шайлоочулардын жарандык укугу боюнча акыйкатчынын ролун өркүндөтүү маселелери талкууланды. Форумдун негизги коногу — БУУнун балдардын укугун коргоо комитетинин жетекчиси Ренате Винтер болду.