Кыргызстанда эл аралык карылар күнү белгиленди (видео)

2104

Буга байланыштуу жер-жерлерде ардагерлер менен Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларын куттуктоо иш-чаралары өттү. Алардын бири Бишкекте уюштурулуп, ага Улуу Атамекендик согуштун ардагерлери жана оорукта эмгектенгендер чакырылды.

Айта кетсек, Бириккен улуттар уюмунун чечими менен 1-октябрь эл аралык карылар күнү деп белгиленип келет. Алгач бул майрам Европада белгиленсе, кийин Америка, андан соң бүткүл дүйнө жүзүндө өткөрүлө башташкан. Бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча 500гө жетпеген согуш ардагери, концлагерлердин туткундары жана Ленинград блокадасында калган адам бар.