Кыргызстанда эл аралык террористтик топтун дагы бир мүчөсү колго түштү

796

Өлкө аймагында жардырууларды уюштурууну пландап жүргөн эл аралык террористтик топтун дагы бир мүчөсү колго түштү. УКМКдан кабарлашкандай, контртеррористтик иш чаралардын жүрүшүндө, Кыргызстандын 19 жаштагы жараны кармалган.

Ал «Ислам мамлекети» тобунун мүчөсү болуп чыкты. Бул киши мамлекеттик маанидеги иш чара өтүп жатканда теракт уюштурууну көздөп жүргөнү аныкталган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда, 3 килограммга жакын жардыруучу каражаттар, детонаторлор жана экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылган.

Террористтик топтун мүчөсү тергөө абагына камакка алынды.