Кыргызстанда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөбү? (видео)

1217

Өлкөдө электр энергиясынын автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралды. Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөт мүчөлөрү көмөкчордондор чыдабай кызып кетип жатканын айтып, эскертүү беришти. Улуттук энергохолдинг компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, учурда электр энергиясын колдонуу боюнча коюлган чектөөлөр бир да аймакта сакталбай, керектөөнүн көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө.

Өзгөчө Чүй областы менен Бишкек шаарында жылытуучу жабдыктарды колдонгондор арбын экен. Энергетиктер кычыраган кышта абалды колдон чыгарып албоо үчүн үйдү жылытууда газ, көмүр жана башка альтернативдик отундун түрлөрүн жагууга чакырууда.