Кыргызстанда эмдөө кампаниясы үзгүлтүккө учурады (видео)

3016

Кыргызстан Кытай бекер берген “Синофарм” вакцинасын алып келгенге каражат таппай жатат. Маалыматты Республикалык эмдөө борборунан да тастыкташты. Кошуна өлкө препараттын биринчи партиясын март айында өздөрү жеткирип берген. Вакцина майдын соңунда түгөнгөн. Ал эми экинчи партиясын жеткирүү чыгымы алар тараптан каралган эмес.

Ошондуктан Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кытайдан вакцина алып келүү үчүн 150 миң доллар издеп жатыптыр. Бул боюнча эл аралык уюмдарга кайрылышкан. Вакцинанын жоктугунан Кыргызстанда эмдөө кампаниясы үзгүлтүккө учурады.