Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө (видео)

1016

2 жыл мурда вакцина албагандардын саны 5 миң болсо, былтыр бул көрсөткүч андан 2 минге көбөйгөн. Алардын 68 пайызы диний көз караштардан улам эмдөөдөн баш тартканы маалым болду. Калгандары вакциналардын сапатынан күмөн санагандар. Алар көбүнчө Бишкек жана Чүй областында жашагандар. Мындан тышкары, маалыматы жоктугунан балдарын эмдетпей жүргөндөр да бар. Иммуннопрофилактика борбору, эгерде вакцинациядан баш тарткандар мындан ары дагы көбөйө берсе — Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалдан күмөн санап, өлкөгө туристтер келбей коюшу мүмкүн, деп кооптонуп жатат.