Кыргызстанда эми балдарды эмдөө милдеттүү болобу? (видео)

1312

Кыргызстанда балдарды эмдөө милдеттүү болуп калышы мүмкүн. Мындай демилге Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көтөрүлүүдө. Документке ылайык, бөбөктүн ден-соолугу эмдөө кылууга болбой турган учурда гана вакцинация жасалбайт. Мындай учурда балдардын саламаттыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен ата-энелердин өздөрүнө жүктөлөт. Бул тууралуу республикалык эмдөө борборунун директору Гулбара Ишенапысова айтты.

Ата-энелерди балдарын вакцинациялоого милдеттендирүү маселеси бир ымыркай кызылча оорусунан чарчап калгандан кийин көтөрүлө баштаган. Негизи эле, бул илдетке кабылгандар жылдан-жылга көбөйүүдө, дешет дарыгерлер. Алардын айтымында, буга айрым ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартканы себеп болуп жатат, дешет дарыгерлер.