Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады

1052

Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады. Былтыр өлкөдө 403 миң тоннадан ашык бодо малдын жана тооктун эти өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул азыкты эң көп өндүргөн Чүй областы болуп, 92 миң тонна эт саткан. Ал эми 2017-жылы болсо өлкөдө 395 миң тонна эт өндүрүлгөн.

Статистика комитети, эт жана эт азыктарын кошуп санаганда 2017-жылы 1190 тонна өндүрүм чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.