Кыргызстанда ичкиликке берилген аялдар көбөйүүдө (видео)

886

Кыргызстанда ичкиликке берилген аялдардын саны өсүп жатат. Республикалык наркология борборунун аялдар бөлүмүнө күнүнө кеминде 2 бейтап кайрылат экен. Дарыланууга муктаж айымдардын арасында 60 жаштан тарта 18 жашка чейинки кыздар да бар. Былтыр өлкөдө аракка берилип кеткен 3 миңден ашык жаран каттоого алынган. Бирок көпчүлүгү илдетин жашырып, анонимдүү же менчик клиникаларда дарылангандыктан, так санын айтуу кыйын. Аны менен катар дарыгерлер өлкөдө психотроптук заттарга көз каранды өспүрүмдөр көбөйүп жатканына коңгуроо кагышууда.