Кыргызстанда ишкерлик кылуу опурталдуу болуп калдыбы? (видео)
Бул жумада Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деген аталыштагы форум болду. Анда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды өнүктүрүүчү долбоорлорго токтолду. Алар: аймактарды өнүктүрүп, туруктуу жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны оңдоо, аймактардагы ишкерлерди колдоо, социалдык объектилерди куруу. Учурда каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар, аларга таза суу киргизүү үчүн 34 млрд. сом талап кылынат. Экинчиси, экспортту өнүктүрүү. Бул жаатта тигүү өнөр-жайы жана эт, сүт, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү багыттары тандалып алынган.
Негизги көйгөй— экспорттук өндүрүш үчүн узак мөөнөттүү арзан насыялардын жетишпей жаткандыгы. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, туризм тармактарындагы долбоорлор колдоого алынат, деди президент. Алсак, CASA-1000 долбоору ишке ашса, Кыргызстан Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин жогорулатат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтерин куруп, жаңылоого 4,5 миллиард доллар талап кылынат экен. Кыргызстан транзиттик потенциалын арттыруу үчүн жолдордун сапатын жакшыртып, жаңы трассаларды куруу керек. Түндүк-түштүк автожолун бүткөрүүгө эле 56,5 млн доллар талап кылынат. Жалпы эл аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгө жарым миллиард доллар керек. Инвесторлор коопсуз иш алып баруусу үчүн укуктук реформалар жүргүзүлүп, антикоррупциялык документ кабыл алынаары убадаланды.
Мындай караганда, пландар дымактуу. Ишке ашып кетсе, экономикабыз бир топ эле көтөрүлчүдөй. Президент эл аралык донорлорду эпке келтирип, өлкөгө инвестиция тартууга аракет кылып жатканы менен, айрым аткаминерлер жеке кызыкчылыгын ойлоп, сырттан келген ишкерлерге бут тоскон учурлар да жок эмес. Ал гана эмес, акыркы криминалдык окуялар тынчтыкты жана туруктуулукту сүйгөн бизнес чөйрөсүн жакшы эле чочутуп койду.