Кыргызстанда кайрадан карантин чектөөлөрү киргизилиши мүмкүн (видео)

1919

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу катталгандан бери туура бир жыл өттү. Пандемия башталгандан бери COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 87 миңден ашты. Акыркы күндөрү илдетке кабылгандар кайрадан көбөйө түшкөнү байкалууда. Бүгүн дагы 55 адамдан инфекциянын белгилери табылган.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, бейтаптардын көпчүлүгү тойго барганда жана коомдук унаага түшкөндөн кийин вирус илештирип алган болушу мүмкүн. Ал арада, кошуна өлкөлөрдө коронавирус жугузуп алгандар кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу карантиндик чаралар күчөтүлмөй болду. Кыргызстанда бул жаатта божомолдор кандай?