Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашыгы тамекиге көз каранды

1425

Саламаттыкты сактоо министрлиги 31-май «Дүйнөлүк тамекиге каршы күнүнө» карата маалымат таратты. Ага ылайык, чылым тарткандардын 48% эркектер болсо, 3% жакынын аялдар түзөт.

Жыл сайын белгиленип келген тамекиге каршы күрөшүү күнү быйыл Кыргызстанда «Чылым жана өпкөнүн саламаттыгы» деген ураандын алдында өтүп жатат. Анын алкагында тамекинин ден-соолукка тийгизген терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Адистер тамеки тартуу өпкө рагы, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келерин айтып, байма-бай эскертип келишет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.