Кыргызстанда канча баланын окуусу үзгүлтүккө учурады? (видео)

1651

Кыргызстанда 62 мектепте окуучулар кадимки режимде окуп жатышат. Көпчүлүгү алыскы аймакта жашагандар. Бул тууралуу Билим беруу жана илим министрлигинен билдиришти. Ал эми негизинен 1-класстан башкалары онлайн форматта окушууда. Бирок анын сапаты тууралуу көптөгөн сын-пикирлер айтылууда.

Буга Баткен районундагы көрүнүш да кошумча болду. Ал жакта бир мугалим 20дай окуучуну үйүндө окутуп жатканы көпчүлүктүн талкуусун жараткан эле. Учурда Баткен областы боюнча эле 1078 окуучуда уюлдук телефон жок. Мындан улам алар онлайн форматта окуй албай жатышат.