Кыргызстанда казакстандык турист мерт болду

594

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таштар кулап, казакстандык турист мерт болду. Бул тууралуу 30-июлда Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалыматы боюнча дагы үч киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор.

Казакстан бүгүн, 31-июлда жабыр тарткан туристтерди эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтөт.

30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону кабарланган.