Кыргызстанда кийим-кеченин баасы 3 эсеге жогорулайт (видео)

648

Кытайдан товар ташыган ишкерлер сызга отуруп калышы мүмкүн. Анткени Кыргызстандын Бажы кызматы 1-январдан тарта аталган өлкөдөн товар киргизгендерге төлөмдөрдү кымбаттатып койгон. Бирок муну соодагерлер жакында эле угушкан. Ал эми ишкерлер былтыр күзүндө эле миллиндогон каражатка Кытайга кийим-кечеге буйрутма берип коюшкан.

Эми товарды бажыдан өткөрүү кымбат болуп жатат. Мунун кесепетинен «Дордой» базарында кийим-кеченин баасы 2-3 эсеге жогорулап, өтпөй турат. Акчасын чыгарып алуу үчүн соодагерлер товарды өз баасында берүүгө аргасыз болуп жатканын айтышты. Эң кызыгы — ишкерлердин мындай көйгөйүн Экономика министрлигиндегилер 11-мартта гана угушуптур. Соодагерлер президентке, өкмөт башчыга кайрылып маселени чечүүнү өз көзөмөлүнө алууну суранышты.