Кыргызстанда көмүр качан арзандайт? (видео)

1278

Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү процесс бир канча күнгө созулуп, жылуулук алгач соц.обьекттерге, андан кийин гана көп кабаттуу үйлөр менен өнөр жай ишканаларына жеткирилет.

Ал арада борбордо көмүр кампаларында жергиликтүү кара отундун тартыштыгы жоюлбай жатат. Кампаларга күнүнө бирден Камаз чиркегичи менен көмүр тартып келгени менен, ал кечке жетпей жок калууда, дешет сатуучулар. Ошол эле убакта кара алтындын наркы да бир топ көтөрүлүп кеткени белгиленүүдө.