Кыргызстанда көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүнбү? (видео)

1412

Быйыл кычыраган кышта өлкөдө көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүнбү? Анткени учурда Бишкек шаарындагы кара отун саткан базалар дээрлик бош турат. Ал эми көмүр бар жерлерде бир тоннасы былтыркыга салыштырмалуу миң сомго кымбаттаганы байкалууда. Тактап айтканда, көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон жогору сатылып жатат.

Жеткирип берүү кызматы менен 5 миңден ашып түшүүдө. Ал арада жарандар суук түшөрү менен бул сумма дагы өсүшү мүмкүн деп кооптонушууда. Ал эми «Кыргыз Көмүр» ишканасы кен казып алуу аба ырайына байланыштуу 15 күнгө гана кечигип жатканын айтып, жооткотууда.