Кыргызстанда көмүрдүн баасы үч ай бою жөнгө салынып турат

1088

Буга байланыштуу өкмөтүнүн токтому чыкты. Эми Монополияга каршы күрөшүү органы отунду кескин кымбаттаткандарды ооздуктай алат. Буга чейин Экономика министрлиги элди көмүр менен арзан баада камсыз кылууда маселе жаралып жатканын айткан.

Мониторингдин жыйынтыгында, акыркы айларда айрым аймактарда көмүрдүн баасы 20 пайызга чейин жогорулаганы аныкталган. Бул Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көйгөйлөргө байланыштуу экени айтылып келет.