Кыргызстанда контрабандага каршы күрөш күчөөдө (видео)

913

Кыргызстанда контрабандага каршы күрөш күчөп жатат. Финансы полициясынын жетекчиси 1,5 айдын ичинде бул жаатта жыйынтык чыгат деп убада берди. Замирбек Осмоновдун айтымында, аткезчиликке аткаминер, депутаттар аралашканы аныкталса дагы, эч ким жаап-жашырылбай, коомчулукка ачыкталып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, учурда контрабанда жолу менен товар ташуунун бир нече схемасы бар. Аларды уюшкан кылмыштуу топтор түзүп, бюджетке миллиарддаган зыян келтирүүдө. Жакында эле Коопсуздук кеңешинде президент катуу сынга алган мекеменин ишинде жылыш барбы?