Кыргызстанда коронавирус дагы 10 медицина кызматкеринен табылды

3511

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 10 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын алтоо Нарын облусунда, экөө Ош облусунда жана Ош, Бишкек шаарларында бирден кызматкер.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 172 медицина кызматкери катталды. Алардын 53ү (18и дарыгер, 24ү орто медперсонал, сегизи кенже медперсонал жана үчөө башка адис) айыгып, ооруканадан чыгарылды.

24-апрелге карата COVID-19 жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 656 болду, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап сакайып кетти. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалдары оор, анын бешөө реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.