Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 бейтап каза болду

3055

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Чуй облусунда 70 жаштагы аял жана Ош шаарында 79 жашта карыя каза болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568кө жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.