Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 11 жаңы учур катталды

3226

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Учурда өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 430 кишиге жетти. Жаңы учурлар Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 1 жана Жалал-Абад облусунда — 2 катталды.

Тастыкталган 430 учурдун ичинен;

Жалал-Абад облусунда – 93

Ош облусунда – 128

Ош шаары – 59

Чүй облусунда – 28

Бишкек шаары – 77

Баткен облусунда – 5

Нарын облусунда – 34

Ысык-Көл облусунда – 6.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.