Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду

3646

Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты. Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон. Штабдын маалыматына караганда бул эки бейтап тең 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирус илдетинен көз жумган. Экөөндө теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Алар мындан тышкары жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик өнөкөт илдеттеринен жабыркап келишкен.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан 10 адам каза тапты. 2-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 769 учуру катталды. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкерлери. Учурда стационарда – 234 жатат, алардын ичинен бешөө реанимацияда. 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.