Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 216 кишиге жетти

4230

Кыргызстанда 6-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 69 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Министр билдиргендей, жалпы ооругандардын саны 216 кишиге жетти.

Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу аныкталган эки адам каза болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.