Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти

1321

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти.

«Жаңы катталган 14 учурдун ичинен Бишкек шаарында — 1, Ош облусунда — 5, Ош шаарында — 2, Жалал-Абад облусунда — 6 адам бар. Беш учур сырттан келген, калган тогузу алар менен байланышта болгондор», — деп кошумчалады ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.