Кыргызстанда коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 33кө жетти

4851

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 33 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Ал буга чейин 10 адам коронавирустан айыгып, бейтапканадан чыгарылганын белгилеп, бүгүн Жалал-Абад облусунда 23 адам ооруканадан чыгарыларын билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин 9 адам коронавирустан айыкканы айтылган.

Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.