Кыргызстанда коронавирустун 3-толкуну башталды (видео)

2092

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин брифинг учурунда берген маалыматына ылайык, илдеттин буга чейинки 2 толкуну былтыр өткөн. Бирок жакындан тарта жаңы типтеги вирус кайрадан күч алып, аны жуктуруп алгандар жана андан көз жумгандар көп каттала баштады.

Министрлер кабинети чукул жыйын өткөрүп, анда былтыркы «апааттуу июль айы» кайталанбашы үчүн тиешелүү деңгээлде даярдыктарды көрүү тапшырмасы коюлду. Өлкөнүн башкы дарыгери Алымкадыр Бейшеналиев болсо эпидкырдаалга байланыштуу түнкү клубдар менен соода борборлорун жабууну сунуштап жатат.